• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев тар курамда жолугушту

Президент 0

Бишкек, 25.12.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда Казакстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен тар курамда жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевге Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы жана жылуу кабыл алган меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бул жыл биздин өлкөлөрүбүз жана элдерибиз үчүн абдан маанилүү жыл болуп эсептелет. Биз мамлекеттерибиздин ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгын 25 жылдыгын чогуу майрамдап жатабыз. Чындыгында элдерибиздин ортосундагы мамилелер кылымдарды карыткан, бизди тууганчылык мамилелер, салттардын, тилдин жана маданияттын жалпылыгы ажырагыс кылып байланыштырып турат. Эгемендик жылдары кыргыз-казак мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын маанайында өнүгүп келатат. Кыргызстан мурдагыдай эле Казакстан менен эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жана активдештирүүгө багытталган тышкы саясатын жүргүзө берет”, -деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Казакстан Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экендигин, эки өлкөнүн союздаштык мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө бардык күч аракетин жумшаарын баса белгиледи.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев өз кезегинде Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга келгенине кубанычта экендигин белгиледи. “Кыргыз эли Сизге ишеним көрсөтүп, өзүнүн Президенти кылып шайлады. Казакстанга кош келиңиз, биз Сизди меймандос казак жеринде көргөнүбүзгө курсантпыз. Биз келебиз, кетебиз, эл калат. Ошондуктан бир туугандык, достук мамилелерди аздектеп, кийинки муунга калтырып кетиш - биздин милдетибиз”,- деп баса белгиледи Нурсултан Назарбаев.

Ал Минскиде 2017-жылдын 30-ноябрында болгон жолугушууда эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн бир катар маселелери чечилгендигин белгилеп, Казакстан Республикасына расмий сапар менен келген Сооронбай Жээнбековго жылуу сөздөрдү жолдоду.

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргызстандын жаркын келечеги, эки өлкөнүн элдеринин достугу жана жыргалчылыгы үчүн жоопкерчиликтүү кызматында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий