• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Менин аруу тилегимди баамдап, ак ниет аракетимди колдогон элибизге ыраазычылык билдирем

Президент 0

Бишкек, 11.04.19. /Кабар/. "Менин аруу тилегимди баамдап, ак ниет аракетимди колдогон, калыстыкты, адилеттикти туу туткан элибизге терең ыраазычылык билдирем". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

"Элдин көңүлүн буруу максатында ар кыл саясий топтордун бир катар аракеттери болуп өттү. Ага карата биздин көп улуттуу элибиз кеменгерлигин көрсөттү. Акылман калкыбыз мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты, коомдун биримдигин башкы дөөлөт катары тандаганын тастыктады. Чагымчылдыкты кабыл албаган, ынтымакты жогору баалаган, тарых-тамыры терең, рухий көрөңгөсү күчтүү, чыныгы эркиндикти сүйгөн эл экенин дагы бир ирет далилдеди", - деди мамлекет башчы.

Ошондой эле президент, аны колдогон элге ыраазычылык билдирерин айтып өттү.

"Менин аруу тилегимди баамдап, ак ниет аракетимди колдогон, калыстыкты, адилеттикти туу туткан элибизге терең ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы буга чейин 2018-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн болчу.

Пикир

Оставить комментарий