• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков Молдованын президенти Игорь Додон менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Түркия Республикасынын негизделгендигинин 95 жылдыгына арналган иш чаралардын алкагында Молдованын Президенти Игорь Додон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жолдору, саясий диалогду өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды.

Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелер жана интеграциялык биримдиктин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Молдованын Президенти Игорь Додон Президент Сооронбай Жээнбековго Кыргызстанга визит менен келип кетүү чакыруусуна ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүнүн ортосундагы салттуу достук мамилени белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий