• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков мугалимдер менен жолукту

Билим 0

ЧОЛПОН-АТА, 12.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстандын мектеби: Жаңы чечимдер жана келечек» аттуу педагогикалык кеңештин ачылышында жалпы билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен жолукту.

Иш чаранын жүрүшүндө Жээнбеков мугалимдердин жана башка билим берүү тармагындагы кызматкерлердин «Таза коом» долбоорунун алкагында берилген суроолоруна жооп берди.

Мугалимдер биринчи кезекте ички миграциянын кесепетинен жалпы билим берүү мекемелериндеги орундардын жетишсиздиги боюнча маселени козгошту.

“Бул актуалдуу суроолордун бири мындан улам аны чечүүдө дыкат мамиле талап кылынат. Буга ылайык Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясынын алкагында биз жаңы мектептерди куруунун долбоорун иштеп чыгуудабыз. Бул долбоорду ишке ашыруу жоопкерчиликтүү мамилени жана убакытты талап кылат”,-деп жооп берди премьер-министр.

Мындан тышкары мугалимдер ипотекага алынган үйлөрдүн пайыздык ченемин төмөндөтүү маселесин көтөрүштү.

“Жаш адистерге колдоо көрсөтүү маанилүү. Өкмөттө бул суроо көтөрүлүп жатат, биз чет элдик инвесторлор менен ипотеканын пайызын 7-5 өлчөмгө чейин түшүрүү, аны төлөө мөөнөтүн узартуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, - деди Жээнбеков.

Адистер жогорку окуу жайын бүтүргөндөрдүн 5 пайызы гана кесиби менен иштөөнү улантаарын белгилешип, мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн мындай колдоолор аларга стимул болоорун билдиришти.

Ошондой эле, педагогикалык кеңштин жыйынында жалпы республикалык тестирлөөдөн түшкөн каражатты Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүп берүү сунуштары айтылды. Мындай кадам мугалимдердин пикиринде билим берүү тармагын каржылоодо, реформалоодо жакшы мүмкүнчүлүк болот.

“Бул суроону талкуулоодо мен сиздерге ишенем. Сиздер бүгүнкү кеңеште кандай чечсеңиздер, ошондой болот”,-деп ишендирди өкмөт башчы.

Соңунда Жээнбеков мугалимдердин эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, келечеке татыктуу тарбия берүүдө алардын ордун баса белгиледи. Мугалимдер өз кезегинде өкмөт башчысына билим берүү мекемелерин модернизациялоого жана колдоо көрсөтүү иштери үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий