• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков: Өнүккөн аймактар – өнүккөн өлкө!

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 16.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков өзүнүн Чаткал районундагы үгүт кампаниясынын алкагында шайлоочулар менен жолугушууга бара жатып, ошол маалда Чаткалда өтүп жаткан волейбол мелдешинде спортчулар менен баарлашты.
Ал спортчулар менен бирге топ ыргытып, жаш кезде волейболго кызыкканын жана студенттик команданын капитаны болгонун айтып берди. «Бош убактым боло калганда, мен волейбол ойноп, ар кандай оюндарды көрүп турам. Биз айылдарды өнүктүрүү менен биргеликте спорттун да өнүгүүсүнө тыкыр көңүл бурушубуз керек. Премьер-министр болуп турганымда Өкмөт Аймактарды өнүктүрүү концепциясын кабыл алган. Анда аймактардагы 20 шаарды өнүктүрүү каралган. Биздин максат – айыл менен шаардын жашоо деңгээлин бирдей кылуу, тышкы жана ички миграцияны азайтуу. Анын ичинде аймактарда спортту өнүктүрүү жана айылдардагы жашоо шарттарын жакшыртуу менен биргеликте спорт дагы массалык түрдө өнүгүшү керек», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал белгилегендей, алыскы райондордо спортко кызыккан жаш балдардын көптүгүнө абдан кубанычта. «Чаткалдын волейбол командасы дайым байгелүү орундарды алчу. Спорт менен машыга тургандай спортзалыңар бар экени абдан жакшы. Спортзал ар бир айылда болушу керек, бүгүнкү күндө биз дагы 800 спортзал курушубуз керек, муну ишке ашырса болот», - деп сөзүн жыйынтыктаган Сооронбай Жээнбеков спортчуларга ийгилик каалады.
Чаткал районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда президенттикке талапкер бул кызматта кандай иштерди аткара турганын жана Аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. «Менин ар бир тармактагы абал боюнча кабарым бар. Ошондой эле алардын алдына коюлган маселелерди да жакшы билем. Колумда программалардын бир папкасы турат. Ушундай жетишке татаал, бийик тоолуу райондо жашоо кандай оор экенин билем. Чаткалдыктар үчүн эң чоң көйгөй жарата турган нерселер – бул оор жолду андан да көп татаалданткан начар жолдору», - деп айтты талапкер.
Ал Чаткалда Орток-Бел-Терек-Сай, Шекафтар-Ала-Бука жолдорун оңдоо абдан манилүү экенин билдирди. Чаткал-Талас жолу абдан начар абалда. «2018-жылы бул жолдорду оңдоо иштери башталат. Шекафтар-Ала-Бука жолун үч жылдын ичинде салабыз, Чаткал-Талас жолун мамлекет башчысы болуп шайланып калсам, президенттик мөөнөтүмдүн аягына чейин салып бүтөбүз», - деди Сооронбай Жээнбеков.
Ал стратегиялык жолдор менен катар шаарлардын жана райондордун ички жолдорунда оңдоо иштери жасалып жатканын эскертти. Бул жылы алгачкы жолу республикалык бюджеттен республика ичиндеги жолдорду оңдоого каражаттар бөлүнүп берилди. Бул максаттарга 730 млн сом багытталат жана бул багытта иштер улантылат.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун Шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Сатыгул кызы Надира тарабынан буйрутма берилип, төлөндү.
  • Нускасы 1 экземпляр. Басылган датасы: 16.09.2017-ж.

Пикир

Оставить комментарий