• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Наталья Ханженкованы кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 12.04.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бельгиянын борбору Брюссель шаарындагы Европа институттарына жумушчу визитинин алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Россия жана Борбор Азия боюнча Башкаруучу директору Наталья Ханженкованы кабыл алды. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасында жүзөгө ашырылып жаткан ЕРӨБ долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду.

Наталья Ханженкова ЕРӨБ Кыргызстандын региондорунда жана шаарларында калкты таза суу менен камсыз кылуу, ошондой эле ирригация боюнча долбоорлорду баштаганы жатканын белгиледи.

Анын айтымында, жакынкы мезгилде 2019-жылы ишке ашырыла турган долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу процесси башталат. Бул максаттарга 86 млн АКШ долларын бөлүү каралууда, анын ичинен 36 млн доллар грант түрүндө берилет.

Андан тышкары, келечекте экспортко багыт алган чакан жана орто бизнестин ишканаларын колдоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

«Бул долбоорлор региондорду өнүктүрүү боюнча Жарлыктын алкагында так жазылган биздин региондорду өнүктүрүү саясатыбыз менен үндөш. Тактап айтканда, биз кайра иштетүүчү ишканаларды жана логистикалык борборлорду куруу аркылуу региондордун экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатын алдыбызга койдук», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий