• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков Пекиндеги SINOMACH корпорациясына барды — сүрөт

Президент 0

Бишкек, 28.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Пекин шаарына жумушчу визитинин алкагында бүгүн, 28-апрелде SINOMACH корпорациясына барды жана башкармалыктын төрагасы Чжан Сяолун менен жолугушту. Корпорациянын экспозициялары менен таанышуу максатында бир аз экскурсия жасады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Чжан Сяолун корпорациянын иштөө принциптери, анын ичинде корпорациянын чет өлкөлөрдөгү инвестициялык долбоорлорго катышуусу жөнүндө айтып берди. Ал кыргыз тарап менен кызматташтыкты жөнгө салууга жана бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгилеп, Кыргызстанда инвесторлор үчүн шарттар жакшыра баштаганын айтты.

«Сиздин визитиңиз биздин компаниянын Кыргызстан менен, анын региондору менен байланыштарын жөнгө салууга өбөлгө болот», — деп SINOMACH компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Сяолун үмүт артаарын билдирди жана корпорацияга келгени үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасы менен достук жана ынак кошуналык мамилелерди өнүктүрүүгө Кыргызстан өзгөчө маани бере турганын баса белгиледи.

«Кыргыз тарап сиздер менен айыл чарбасы, энергетика, тоо-кен өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы жана туризм сыяктуу тармактарга түз инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстанда калктын 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашай турганын баса белгиледи. Ошондуктан айыл чарба чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу маселесине чоң көңүл бурулат. Мамлекеттик органдар тийиштүү долбоорлорду ишке ашырууга зарыл болгон бардык жардамдарды берүүгө даяр.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү сунуш кылып, Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чет өлкөлүк инвесторлордун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Маалымат иретинде:

SINOMACH корпорациясы дүйнөдөгү 500 эң ири ишканалардын тизмесине кирген Кытайдагы ири мамлекеттик ишканалардын бири болуп саналат.

Иштөө чөйрөлөрү: өнөр жайы, айыл чарбасы, транспорт, энергетика, курулуш, жеңил өнөр жайы, автомобиль жана кеме куруу, тоо-кен өнөр жайы, металлургия, авиакосмика өнөр жайы ж. б.

Корпорациянын туунду ишканасы САМСЕ Евразия экономикалык биримдигине кирген жана Борбор Азия өлкөлөрүндө көптөгөн масштабдуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырды. Кыргызстанда суткасына 5000 тонна цемент клинкерин өндүргөн цемент заводун куруу долбоору, «Кант цемент заводунун» мештерин газдан көмүргө өткөрүү долбоору, алтын казуу чөйрөсүндөгү долбоор бар.

Пикир

Оставить комментарий