• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков поезд кырсыгына байланыштуу Реджеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын элинин жана жеке өзүнүн атынан Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоганга Текирдаг аймагында поезддин рельстен чыгып кетишинен улам адамдардын курман болушуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү айтып коюуңузду өтүнөм. Алардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий