• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Венгрияга барат

Саясат 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Будапешт шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки министр, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга боло турган расмий сапарына карата көрүлгөн даярдыктарды талкуулашкан.

Ошондой эле жолугушуу учурунда эки өлкөнүн кызматташуусу, аны менен бирге 23-24-сентябрда Бишкекте өтө турган экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи отуруму тууралуу да сөз болгон.

Пикир

Оставить комментарий