• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: «Региондорду көп кыдырам, адамдар жаратмандык эмгек менен алек, бул мени кубандырат»

Коом 0

Сооронбай Жээнбеков: «Региондорду көп кыдырам, адамдар жаратмандык эмгек менен алек, бул мени кубандырат»

«Жуманын жети жумушчу күнүнүн эки күнүн мен региондорду кыдырууга арнадым, жасалып аткан иштер менен жеринде тааныштым, эл менен жолугуштум. Мамлекетибиздеги 2010-жылы эмне болгону жана бүгүнкү кырдаал – асман менен жердей. Эсиңиздердеби, ал жылдары ар бир күнү үчтөн бешке чейин митингдер өтүп турчу. Азыр каршылык акциялары аз болуп калды, практика жүзүндө жок. Мамлекет иштеп баштады. Адамдар жаратмандык эмгек менен алек, өнүгүүнү, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү каалашат. Бул мени кубандырат», - деп билдирди Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Бешинчи каналга» курган маегинде.

Өкмөттүн дарегине айтылып аткан сындар боюнча С. Жээнбеков «сын пайдалуу» деп белгиледи.

«Кайсы жерде конструктивдүү сын болсо, ал жерде өнүгүү болот. Мен айтылган сындарды дайыма анализдейм жана жыйынтык чыгарам. Атүгүл, ким конструктивдүү сындаса, ага ыраазычылык да билдирип жиберем. Биз дайыма сынды кабыл алып, жыйынтык чыгарып, маселени чечишибиз керек», - деп белгилейт ал.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан – ачык мамлекет экендигин белгилейт. Бийлик айрым учурларда байкабай өткөрүп жиберген маселелерди парламентте ачык айтышат, ММК жазат.

«Биз мунун үстүнөн да иштеп атабыз. Бул өкмөттүн ишине жана мамлекеттин өнүгүүсүнө жардам берет», - деп сөзүн жыйынтыктады С. Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий