• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча келечекке карай биргелешкен пландарды белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга карата биргелешкен чараларды көрүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий