• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков Рождество майрамы менен куттуктайт

Президент 0

Бишкек, 07.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Рождество майрамы менен куттуктайт.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти төмөнкүдөй:

Кымбаттуу мекендештерим!

Урматтуу православие динин туткан кыргызстандык жарандар!

Сиздерди Рождество майрамы менен куттуктайм!

Эки миң жылдан ашуун мезгилден бери бул майрам адамдарга аруулук тартуулап, жаркын сезимдерге бөлөп, мээримдүүлүктүн жана сүйүүнүн, ырайымдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн баалуулуктарына сугарып, жүрөктөргө үмүт шооласын чачып келет. Ал баарыбызды асыл ойлорго жана кайрымдуу иштерге, адамды сүйүүгө жана урматтоого чакырат.

Рождество майрамы элибиздин биримдигин чыӊдап, өлкөдөгү ар кандай конфессиялар ортосундагы ынтымакты, сабырдуулукту сактоого зор салым кошот. Туткан динине жана этносуна карабастан, кыргызстандыктар бардык чоң майрамдарда жана маанилүү окуялар учурунда бири-бири менен тилектештик сезимин билдирип, кубанычтарын тең бөлүшөт.

Кымбаттуу мекендештерим!Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакубатчылык жана зор бакыт каалайм.

Жаңы 2018-жыл Кыргызстан элине ынтымакты жана гүлдөп-өнүгүүнү алып келсин!

Пикир

Оставить комментарий