• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды

Президент 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 4-октябрында өтө турчу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлайбыз.

Борбордук шайлоо комиссиясы, Өкмөттө түзүлгөн Республикалык штаб, жергиликтүү шайлоо комиссиялары мыйзам алкагында өз милдеттерин аткарып жатышат.

Үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү.

Эми ар бир шайлоочунун добушу чечүүчү мааниге ээ болгон мезгил келди.

Урматтуу мекендештерим,

Өлкөбүздүн жакынкы беш жылдагы өнүгүүсүнө парламенттин сапаттык курамы түздөн-түз таасир этет.

Ошондуктан, ар бирибиз тандоо укугубузду сөзсүз пайдаланышыбыз керек.

Бул шайлоо — элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл.

Ушул максатка жетүү үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Мыйзам базасы бир жыл мурда аныкталды.

Шайлоо эрежелери саясий партияларга, шайлоочуларга алдын ала белгилүү болду.

Шайлоо адилеттигин — добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууга умтулдук.

Шайлоо мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартуу жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча жаңы нормаларды киргиздик.

Урматтуу саясий партиялардын лидерлери, талапкерлер!

Үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү.

Саясий позицияңарды, көз карашыңарды жарыялоо үчүн эч кандай тоскоолдук болгон жок.

Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла.

Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла!

Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот.

»Жыгылган күрөшкө тойбойт« дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз.

Элибиздин биримдигине, улут аралык ынтымакка, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана мыйзам үстөмдүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпайлы.

Урматтуу мекендештерим,

Шайлоо күнү биздин өлкөбүз эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болот.

Бул күн биздин өлкө тарыхында жогорку саясий маданияттулуктун күнү катары калат деп үмүттөнөм.

Шайлоону улуттук ар-намысыбызды, абийирибизди сактап өткөрөлү.

Шайлоого аттанып, марага чейин жеткен 16 партиянын өкүлдөрү — элибиздин ичинен суурулуп чыккан мыкты уул-кыздарыбыз.

Силер үчүн элдин амандыгынан, коомдун тынчтыгынан өткөн байлык жок деп билебиз.

Баардыгыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!

Урматтуу шайлоочулар,

Кимге добуш беребиз — ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки.

Эч ким кысым жасай албайт.

Ар бир шайлоочунун добушу — өлкөнүн тагдырын чечет.

Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт.

Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү болду.

Ошондуктан, 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели!

Кадырлуу калайык-журтум!

Элибизде „Эр эсептен жаңылса да, эл эсептен жаңылбайт“ деген накыл сөз бар.

Элибиз саясий зиректик менен, „өзүм эмес, элим үчүн“ деген максатта чыккан талапкерлерди тандап, эртеңки шайлоодо жаңылбайт деп ишенебиз.

Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм.

Сүйүктүү Кыргызстанбызды Жараткан Кудайым Өзү колдоп, дайыма элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

Пикир

Оставить комментарий