• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Швециянын парламенттик делегациясы менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-январда Риксдагдын биринчи вице-спикери Аса Линдестам баштаган Швеция Королдугунун парламенттик делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер аралык өз ара аракеттешүүнүн артыкчылыктары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Швеция менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, ошондой эле парламенттик демократияны бекемдөө боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Прогрессивдүү парламенттик системаны куруу үчүн баарынан мурда өнүккөн экономикага ээ болуу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөдө жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн активдүү иштер жүргүзүлүп, бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

«Биз күчтүү жарандык коом жана парламентаризм өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болорун жакшы түшүнөбүз», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары Президент соода-экономикалык жана экологиялык тармактарды атады. Кыргызстан чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Швециядан да инвесторлорду тартууга кызыкдар экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ВСП+ макамынын артыкчылыктарын активдүү колдонууга чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Швеция менен өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча мамилелерди бекемдөөгө даяр экенин өзгөчө белгиледи.

Делегациянын башчысы, Швециянын Риксдагынын биринчи вице-спикери Аса Линдестам Кыргыз Республикасынын Президентине жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, парламенттик делегациянын Кыргызстанга келишинин негизги максаты — кыргыз-швед мамилелерин, өзгөчө парламенттер аралык кызматташууну бекемдөө экенин белгиледи.

Швеция парламентинин депутаттары өлкөлөр ортосунда экономикалык байланыштарды бекемдөөгө, соода-экономикалык, тоо-кен иштетүү тармактарында жана экологияны коргоо маселелери боюнча кызматташууну өркүндөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Швеция тарап мындан ары жемиштүү кызматташууга жана демократиялык институттарды бекемдөө боюнча тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жана Жогорку Кеңештин депутаты, Швеция менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Акылбек Жапаров катышышты.

Пикир

Оставить комментарий