• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сооронбай Жээнбеков социалдык объектерге бөлүнгөн каражаттарды так жана максаттуу пайдаланууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмоновду кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысы мекеменин жетекчилиги астында укук коргоо органдарын реформалоо системасы боюнча тапшырмалар турганын белгиледи.

«Социалдык объектерге бөлүнгө каражаттар так, жана максаттуу пайдаланылсын. Экономикалык кылмыштуулук катталгандан кийин аны иликтебей, кыска убакыт аралыгында алдын алуу чаралары боюнча так программа кабыл алынсын»,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы элге тейлөө көрсөткөн мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө тактыкты, ачыктыкты камсыз кылууга басым жасоону эскертти. Ал белгилегендей, ведомствонун жаңы жетекчилиги алдында өлкөнүн укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланышкан милдеттер турат.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов 2017-жылдын эки айындагы аткарылган иштер жана коюлган тапшырмалардын негизинде алдыда боло турган иш чаралар тууралуу маалымат берди.

2017-жылдын январь-февраль айларында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан мамлекеттик казынага 300 млн. сом зыян алып келген 206 кылмыш катталган. Анын 293 млн. сому бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджетке кайтарылды. Бул 2016-жылдын башындагы көрсөткүчкө караганда 128 млн сомго көп.

Замирбек Осмонов реформа мамлекеттик кызматтын өзүнөн башталганын, учурда кызматка кошумча милдеттер жүктөлгөндүктөн, 76 штаттык орун берилгенин, азыркы тапта кадрларды тандоого сынак жүрүп жатканын билдирди.

«Мындан сырткары кызмат ичинде бизнеске жолтоо болуп, айрым кылмыштарга көмөк көрсөткөн кызматкерлерди жумуштан алып, реформанын алкагында тармакты оптимизациялоону өзүбүздөн баштадык»,-деди Замирбек Осмонов.

Жолугушууда Өкмөт башчы ЕАЭБдин алкагында мамлекетке кирип чыгып жаткан ар бир товардын мыйзамдуулугун көзөмөлгө алууну, чек ара өткөрүү пункттарында түзүлгөн атайын мобилдик топтордун иши күчөтүп, андагы ар бир товардын мыйзам чегинде текшерүүгө алууну тапшырды. Сооронбай Жээнбеков бул багытта өзгөчө күн сайын сырттан ташылып келген күйүүчү майлоочу майларга жана анын башка аймактарга жеткирилүүсүндө мыйзам бузууларга жол бербөөнү эскертти.

Учурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик чек ара кызматы биргеликте эффективдүү иш алып баруу максатында атайын программа кабыл алуунун үстүнөн иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий