• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков: Түндүк-Түштүк автожолунун курулушу бүтсө, Тогуз-Торо району транспорттук туӊгуюктан биротоло чыгат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. Тогуз-Торо району буга чейин туш тарабынан тоолор менен курчалып, айрыкча кышкысын сыртка каттоо кыйын болуп келсе, жакын арада бул көйгөй толугу менен жоюлат, деп билдирди Кыргыз Республикасынын прзиденттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, жаңы салынып жаткан Түндүк-Түштүк автожолу бүтсө, район транспорттук туӊгуюктан биротоло чыгат. «Ошондо Тогуз-Тородон Бишкекке ашып кетсе 5-6 саатта жетип каласыздар да, район эки регионду туташтырган тогуз жолдун тоому болуп калат. Ал эми тогуз жолдун тоому деген азыркы тил менен айтканда, логистикалык түйүн, башкача айтканда, сооданын, туризмдин чордону. Көптөгөн социалдык-экономикалык проблемалар өзүнөн өзү чечилет. Бул жомок эмес, бул – эртеӊ эле боло турган чындык», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал премьер-министр болуп турганда, өкмөт Аймактарды өнүктүрүү концепциясын кабыл алганын эскертти. «Биз жер-жерлерде 20 пилоттук шаарлардан баштайлы деген ниеттебиз. Ошондо биз айылдардын жашоо деңгээлин шаарларга теңейбиз, жаңы иш орундары түзүлөт, ички жана тышкы миграция кескин азаят», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к. 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 18.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий