• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жээнбеков Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралыны кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралыны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадырали Конкобаев катышты. Мамлекет башчысы Түрк академиясы жалпы түрк тилдүү элдердин руханий мурастарын, баалуулуктарын, көркөм дөөлөттөрүн изилдөөдө жана жайылтууда чоӊ иш аткарып жатканын белгиледи.

"Өзгөчө биздин кыргыз элинин руханий мурастарын изилдөөдө, аны жалпы түрк дүйнөсүнө жайылтуу багытында жасап жаткан ишиӊиздер кубантып турат. "Манас" эпосу, улуу жазуучу Чыӊгыз Айтматов сыяктуу мыкты адабий үлгүлөрүбүздү орток түрк маданий казынасына кошуп, фундаменталдуу эмгектерди жарыялап жатканыӊыздар түрк тилдүү элдердин жакындашуусуна, руханий интеграциясына өзгөчө таасир этет", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Түрк академиясы акыркы эки жыл аралыгында эле кыргыз адабиятынын, фольклорунун, каада-салтынын 20дан ашуун эмгектерин жарыялоого белсенип жатканына ыраазычылык билдирди.

"Түрк академиясы сиздин жетекчилигиӊиз менен түрк тилдүү элдердин ортосуна руханий көпүрө салып, бир туугандыгыбызды, түпкү маданиятыбызды, салт-санаабызды, маданий алака-катышыбызды чыӊдайт деген тереӊ ишенимдемин", - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Түрк академиясынын президенти Дархан Кадыралы Чынгыз Айтматовдун жылына карата Парижде ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында, Астана, Бишкек, Ташкент шаарларында улуу жазуучуга арналган конференциялар өткөнүн, китептер чыгарылганын, "Манас" эпосу, кыргыздын адабияты менен тарыхына байланыштуу иш-чаралар жүрүп жатканын билдирди.

"Түрк академиясы эл аралык уюм катары бардык иш-чараларга катышып, өз салымын кошууда жана алдыда Кыргызстанда өтө турган бардык эл аралык иш-чараларга дагы өз салымын кошот. Биздин максат - түрк дүйнөсүн илимий интеграция кылуу, илимдин чеги жок", - деп белгиледи Дархан Кадыралы.

Мындан тышкары Дархан Кадыралы менен Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадырали Конкобаев Мамлекет башчысын араб арибинде жазылган, Манас эпосунун ар кайсы варианттарын камтыган кол жазма китеби менен тааныштырышты.

Кадырали Коңкобаевдин айтымында, көлөмү 1286 бет болгон бул кол жазма 1896-жылдан 1983-жылга чейин Чүй өрөөнүндө жашап өткөн Медер Мергенбаев деген аксакалга таандык. Анда 16 бет Тыныбек манасчыга таандык эпостун үзүндүсү, Саякбай Каралаевге таандык делген 34 беттен турган үзүндү, ошондой эле Тоголок Молдого таандык деген Манас эпосунун 108 бет үзүндүсү камтылган.

"Кол жазманын калган беттеринде Сагынбай Орозбаковдун өз оозунан Медер Мергенбаев аксакал абдан мыкты тил менен жазып алган варианты сакталып калган. Бул кол жазма Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы китеп менен салыштырылып, илимий комментарийлер менен басмага даярдалып жатат", - деди Кадырали Коңкобаев.

"Дархан Кадыралы менен Кадырали Конкобаев Президент Сооронбай Жээнбековго Алтайдан 3000 метр бийиктикте табылган жана реставрацияланган кыл кыякты белекке беришти. Мамлекет башчысы ыраазычылыгын билдирип, кол жазманы басып чыгарууга жардам көрсөтөрүн жана кылкыякты Бишкектеги Тарых музейине өткөрүп берерин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий