• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков «Тараз-Талас-Суусамыр» автожолун реконструкциялоонун үчүнчү фазасынын курулуш иштери менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта, бир күндүк жумуш сапары менен Талас облусуна барып, «Тараз-Талас-Суусамыр» (30 км) авто жолун реконструкциялоонун үчүнчү фазасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы мамлекет жол-транспорттук инфрастуруктурага өзгөчө маани берип жаткандыгын белгилеп, андагы бардык техникалык нормалардын сакталышына өзгөчө басым жасоо керектигин эскертти.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов учурда «Тараз-Талас-Суусамыр» авто жолунун 75-105 чакырымыда реконструкциялоонун үчүнчү фазасы жүрүп жатканын маалымдады. Реабилитиациялоонун үчүнчү фазасы жана Талас шаарынынын ичиндеги жол кошулуп, 2017-жылдын август айына чейин бүткөрүлөрүн кошумчалады. Ондоо иштерин каржылоо эл аралык финансылык институттар жана Өкмөт тарабынын жүргүзүлүүдө.

Премьер-министр иштин сапаттуу аткарылышына басым жасады. Аны менен бирге Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «Тараз-Талас-Суусамыр» авто жолунун үчүнчү фазасын ишке ашырууда жол четине тротуарларды салуу жана Талас шаарынын ички жолдорун камтуу тапшырмасын берди.

Жамшитбек Калилов белгилегендей, ремонт иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө жана долбоордун артта калуусу жок. Мындан тышкары бүгүнкү күндө донорлор менен «Тараз-Талас-Суусамыр» (94 км) унаа жолунун төртүнчү фазасы үчүн акча каражатын бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий