• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын элчиси Сухроб Олимзоданы кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сухроб Олимзоданы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте кыргыз-тажик өз ара кызматташуусунун бардык тармагында, анын ичинде чек ара кызматташтыгында жакшы кошуналык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди баса белгиледи.

Элчи Сухроб Олимзода Президент Сооронбай Жээнбековго тажик тараптын экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну жогорулатуу боюнча жасалып жаткан аракеттери жөнүндө маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий