• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапары менен барат

Саясат 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу КРнын президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарында 27-28-сентябрда өтө турган КМШ мүчө-мамлекеттердин өлкө башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Отурумдун жүрүшүндө КМШнын алкагында өз ара кызматташтык тууралуу пикир алмашуу болуп, 2019-жылдагы КМШнын төрагалыгы, КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги отурумун жана Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгын өткөрүү орду боюнча чечимдер кабыл алынат

“Ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтык жана КМШ мейкиндигинде коопсуздукту камсыздоо тармактарында бир катар документтер кабыл алынат”, - деди Сыдыков.

Иш-чаранын алкагында кыргыз тараптын сунушу менен 2 маселе каралат: КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы тууралуу билдирүүлөрү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу катышуучулардын билдирүүлөрү жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий