• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» компаниясынын төрагасы Шигето Танака менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 4-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» компаниясынын төрагасы Шигето Танака менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысы Кыргызстан Япония менен эки тараптуу мамилени өнүктүрүүгө зор маани берерин баса белгиледи.

«Биз Япониядан түз инвестициялардын келишине кызыкдарбыз жана биздин өлкөлөр аралык кызматташтыкты экономикалык жактан күчөтүүгө басым жасайбыз. Мындан сырткары Кыргызстанда чет элдик капиталдар менен сырттан келген инвесторлордун иштешине жакшы шарт түзүлгөн», – деди Премьер-министр.

Шигето Танака анын Кыргызстанга келиши – Кыргызстандын Япониядагы элчисинин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы экенин, анын жыйынтыгы менен Япония тарап курулуш компаниясын ачып, келечекте темир буюмдарды чыгарган завод курууга кызыкдар экенин билдирди.

Шигето Танака «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» компаниясы чет элдик рынокторго чыгып, Россияда, Сауд Аравиясында, Казакстанда, Грузияда жана башка мамлекеттерде коопсуз инфраструктуралык объекттер менен камсыз кылуунун үстүнөн иш алып барарын кошумчалады.

«Tokyo Rope MFG Co., Ltd» компаниясы лифтке керектелүүчү жана суу түтүктөрүн өткөрүүчү бекем металлдарды, жогорку технологияда колдонулуучу темир жабдыктарды чыгаруу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири. Алар көп өлкөлөрдү тоо кен өндүрүш тармагына керектелүүчү темир жабдыктар менен камсыздап келет.

Ал биринчи кезекте компания кийин ири эл аралык долбоорлорго катыша ала турган адистерди окутуп, жогорку квалификациялуу инженерлерди, тоо кенчилерди даярдоону пландай турганын билдирди. Аны менен бирге «Tokyo Rope MFG Co., Ltd» менен КР Экономика министрлигинин алдындагы инвестиция жана экспортту алдыга жылдыруу боюнча агенттиктин ортосунда биргелешип кызматташуу мемерандумуна кол коюлганын да кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий