• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттары, тышкы саясаттын күн тартибинде турган комплекстүү маселелер боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы анын жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге болгон расмий жана мамлекеттик визиттеринин жүрүшүндө жетишилген келишимдерди ишке ашыруу, өнөктөш мамлекеттер менен достук мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү милдеттерин койду.

«Өлкөнүн тышкы саясаты ырааттуу, терең ойлонулуп жана тең салмактуу, биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле инвестицияларды тартуу, өлкөнүн туристтик дараметин өнүктүрүү, чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти күчөтүү милдети коюлду.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков КР Президентинин иш сапарларынын жүрүшүндө жетишилген ар бир келишим жана макулдашууларды ишке ашыруу жана алдыга жылдыруу боюнча дыкат жумуш жүргүзүлөөрүн белгиледи.

Тышкы саясат ведомствосунун ишмердигине байланыштуу акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарында резонанс жараткан маселелерге жана сын-пикирлерге байланыштуу Чыңгыз Айдарбеков укук коргоо органдары КР Президентинин тапшырмасы боюнча тийиштүү иш алып барып жатканын маалымдады.

«Текшерүүлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде дыкат талдоо жүргүзүлүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Коомчулукка жана өлкөнүн жетекчилигине натыйжалары боюнча маалымат берилет, бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө турат», — деп жыйынтыктады министр Чыңгыз Айдарбеков.

Пикир

Оставить комментарий