• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков учактын кыйрашына байланыштуу Иран Президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 19.02.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Исфахан провинциясында самолеттун кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Иран Ислам Республикасынын Исфахан провинциясында самолеттун кыйрашынан улам көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгондордун жакындарына жана туугандарына чын ниетимден көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү билдирип коюуну Сизден өтүнөм”, - деп айтылат Президент Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий