• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 06.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-январда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов КР Улуттук банкынын жана банк тармагынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата пландары жөнүндө маалымат берди.

«2019-жыл Улуттук банк үчүн гана эмес, өлкөнүн бүт финансылык системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады. Жыл жыйынтыктары боюнча банк системасынын активдери 25 млрд сомго же 11 пайызга жогорулады. Насыялык портфель жана депозиттик база 15 жана 13 пайызга көбөйдү. Насыялар жана депозиттер боюнча долларлашуу төмөндөөдө. Жыл жыйынтыгы боюнча насыялык портфелдин долларлашуусу 2,5 пайызга, ал эми депозиттик портфелдин долларлашуусу 6,4 пайызга төмөндөдү. Мындан тышкары, Улуттук банктын алтын-валюта резервдери акыркы 5 жылда тарыхый жогорку чекке жетип, 2 млрд 417 млн АКШ долларын түздү. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын кирешеси 2 млрд 560 млн сомду түздү», — деп маалымдады Толкунбек Абдыгулов.

Ал кошумчалагандай, негизинен көбөйүү улуттук валютада берилген насыялар боюнча байкалууда. Насыялоонун көлөмүн кеңейтүү өлкөнүн бардык аймактарында белгиленип жатат.

Мындан тышкары, Улуттук банктын төрагасы жеткиликтүү пайыздык чендер менен жеке турак жай сатып алууда бюджеттик тармактын кызматкерлерин колдоого багытталган «Керемет Банк» ААКнын «Социалдык ипотека» насыялык долбоордун 2019-жылдагы жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

2019-жылдын 30-майынан 31-декабрына чейин «Керемет Банк» ААК жалпы суммасы 1 054,2 млн сомго 723 насыя бөлүп берген. 2019-жылдын ноябрынан баштап, бул насыялык долбоор боюнча финансылык ресурстар Кыргызстандын аймактарында иштеген бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине бөлүнүп берилүүдө. «Социалдык ипотека» долбоорунун алкагында «Керемет Банк» ААК 2020-жылы 1 млрд 200 млн сомго насыяларды берүүнү пландаштырууда.

Мамлекет башчысы өлкөнүн алыскы калктуу пункттарында кластердик долбоорлорду каржылоо, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептердин үлүшүн көбөйтүү, төлөм карталарын, банкоматтарды, POS-терминалдарды, төлөм терминалдарын кеңири жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандыктарга ашыкча бюрократиясыз кредиттик каражаттарды берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана ылдамдыгын жогорулатуучу «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына коммерциялык банктардын тезирээк кошулуусуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков туруктуу макроэкономикалык абалды камсыздоо жана улуттук валютанын туруктуулугун кармап туруунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, төлөм системаларын, санарип валютаны жөнгө салуу жаатында мыйзамдарды жакшыртуу жана финансы тармагында заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий