• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков Сочиде Владимир Путин менен жолугушту – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 10.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-февралда Россия Федерациясынын Сочи шаарына болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Мамлекет башчылары эки тараптуу маселелерди талкуулашты.

Мындан тышкары 2019-жылдын март айынын аягына пландалган Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик визити талкууланды.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго анын чакыруусун кабыл алып, Сочиге кыска, бирок абдан мазмундуу иш сапары менен келгенине ыраазычылык билдирди.

«Биз эми Кыргызстанда март айынын аягында боло турчу кийинки жолугушууга даярданабыз жана сөзсүз түрдө экономикалык аракеттенишүү маселелери, ЕАЭБди бекемдөөнүн биргелешкен аракеттери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантабыз — иштей турган маселелер арбын. Биз жалпы бажылык контурду коргоо боюнча маселелерди талкууладык. Россия Кыргызстанга тийиштүү жардам берүү үчүн бардык аракеттерди көрдү. Миграциялык саясат маселелери боюнча биз Кыргызстан үчүн бул канчалык маанилүү экенин түшүнүп турабыз», — деп белгиледи Россиянын Президенти.

Ал башка талкууланган маселелердин бардыгы боюнча бир жарым айдын ичинде кеңири иштер жүргүзүлүп, Кыргызстандагы марттын аягында боло турчу жолугушууларда алардын жыйынтыкталарына үмүтүн билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуп, эки тараптуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

«Кыргызстан чыдамсыздык менен Сиздин биздин өлкөгө келишиңизди күтүп жатат. Бул биз үчүн абдан маанилүү саясий окуя болуп эсептелет. Биз ар дайым Сизди Кыргызстанда тосууга кубанычтабыз, Сиз менен болгон жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыктын көптөгөн маселелери чечилет. Эки тараптуу кызматташтыктын маселелеринин оң чечилишин колдонгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Көп жылдан берки тарыхый достугубуз жогору баалайбыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий