• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында бүгүн, 13-декабрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен тар курамда жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековду тосуп алып жатып, 2017-жыл Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердеги тарыхый жыл болгондугун баса белгиледи. “Акыркы 6 жылдын аралыгында Алмазбек Атамбаев көп реформаларды жасады. Кыргызстандын бүгүнкү багытын жалпы эл колдоп жатат. Кыргызстандагы шайлоолор бүт дүйнөгө бийликти демократиялык жол менен цивилизациялуу өткөрүп берүүнүн мисалын көрсөттү. Кыргызстан эли Алмазбек Атамбаев мындан 6 жыл илгери баштаган жолду тандап алгандыгына биз кубанычтабыз. Сиздердин өлкөдөгү Президентти шайлоолор бул реформалар улантылаарын көрсөттү. Өзбек эли дагы Сиздин жеңишиңизге абдан кубанды”, -деди Өзбекстандын Президенти.

Президент Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбеков элге жакындыгы жана чынчылдыгы менен элдин ишенимине ээ болгондугун баса белгиледи. “Сиз тажрыйбалуу жетекчисиз, ири облусту жетектегенсиз, өлкөнүн премьер-министри болгонсуз. Мен дагы ошондой эле саясый жолду басып өткөм, ал канчалык оор экендигин билем. Сиз татыктуу шайланган Президентсиз, саясатта башталган жолду улантууну камсыз кыласыз. Сиз алгачкы расмий сапарыңыздын бирин Өзбекстанга жасап жатканыңызга биз абдан кубанычтабыз”, -деди Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын Президенти Өзбекстан үчүн тышкы саясатта кошуналар менен достук мамиле артыкчылыктуу болуп саналаарын өзгөчө баса белгиледи. “Биздин эң жакын кошунабыз - Кыргызстан. Бизде чек ара болбош керек, биз таптакыр башка деңгээлде алдыга гана барышыбыз керек. Биз тил табышабыз деп ишенем, ал эми ортодогу проблемаларды биз чечебиз. Айрыкча чек арада канатташ жайгашкан райондордун жашоочулары бизден чечимдерди күтүп жатышат”, -деп белгиледи Өзбекстандын Президенти.

Ал өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенишүү тарыхында товар жүгүртүү мындай деңгээлге жеткен эместигин белгиледи. “Бул жылдын акырына карата 250 миллион доллар. Мунун өзү биз жөн гана чек араны ачпастан, бири бирибизге чын дитибизди ачканыбызды ырастап турат. Мамилелерди таптакыр башка жаңы деңгээлге чыгарууга саясый эрк болсо, көп нерсе Президенттерге байланыштуу болот. Биз эл каалаган нерселерди жасап жатабыз. Адамдар бардык жакшы иштерди эртең эмес, бүгүн көргүсү келет”, -деп Өзбекстандын Президенти Кыргызстандын Президентине бардык жакшылыктарды каалады.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Өзбекстандын Президентине ыраазычылык билдирди. “Биз алгачкы мүнөттөн тартып салттуу өзбек меймандостугун сездик. Жылуу кабыл алганыңыздар үчүн биз абдан ыраазыбыз. Бул менин Мамлекет башчы катары алгачкы расмий сапарым. Кыргызстан биздин боордоштук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүү турат. Биз буга абдан кызыктарбыз. Куттуктоолоруңуз жана жакшы каалоолоруңуз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. 2017-жыл - биздин мамилелердеги бурулуш, тагдыр чечкен, тарыхый жыл. Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга, Сиздин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлар болду. Бул биздин өз ара мамилелерди эң жогорку деңгээлге көтөрдү. Абдан бийик стратегиялык өнөктөштүккө жеткирди. Аны үчүн абдан зор иштер аткарылды. Акыркы жылы жасалгандай иштер чейрек кылымда жасалган эмес. Мен мамлекеттин жаңы Президенти катары жетишилген макулдашуулар күчүндө экендигин ырастайм. Элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн аларды ишке ашыруу үчүн мен бардык күч аракетимди жумшайм”,- деди Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий