• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Зеленскийди Украинанын президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Владимир Зеленскийди Украинанын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Сизди Украинанын Президенти кызматына шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктайм. Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элибиздин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем. Сизге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Украина элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм", — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий