• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сооронбай Жээнбеков жана А.Гутерреш июнь окуяларында каза болгондорду эскеришти

Өкмөт 0

Бишкек, 11-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Бириккен улуттар уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш бүгүн, 11-июнда, 2010-жылдын июнь айында каза болгондорду эскеришти. Алар 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуяларга байланыштуу арналган “Энелердин көз жашы” мемориалына гүл коюшуп, сүрөт көргөзмөнү көрүштү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков июнь окуяларында эл аралык коомчулук, өзгөчө БУУнун системасы убагында жардам көрсөткөндүгү үчүн өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүүгө түрткү болгондугун өз сөзүндө белгиледи.

Өкмөт башчы эскерткендей, Антониу Гутерреш мурда БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссары болгон кезде Кыргызстанга эки жолу келип, 2010-жылы кайгылуу окуялардын кесепеттерине күбө болгон.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Өкмөтүнүн атынан БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррешке тынчтыкты орнотуу процессине жана өлкөдө улуттар аралык биримдикти бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Бүгүнкү күндө өлкө бийлиги улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө жана эл арасындагы биримдикти чыңдоо боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан аракеттер көрүлүп, акыркы жылдары өлкөдө этностор арасында туруктуу абал түзүлдү. Жылдан жылга ар кайсы улуттар ортосунда үй-бүлө кургандардын саны көбөйүүдө”, – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Баш катчы Антониу Гутерреш ошол кездеги татаал учурда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Кыргызстанда абал 2010-жылдан бери жакшы жагына өзгөргөндүгүн өзгөчө белгиледи.

Анын айтымында, Ош шаарынын жашоочулары туруктуулукту камсыз кылып жана улуттар аралык ынтымакты калыбына келтире алды. Ал Кыргызстан эли жана бийлик өлкөдө туруктуу кырдаалдын сакталышына бардык күч аракеттерди жумшап жатканын билдирди.

Баш катчы ошондой эле коомчулукта ынтымакты бекемдөөгө багытталган чаралар ар дайым жүргүзүлүп турушу керек экендигин белгиледи.

“Азыр заманбап дүйнөдө көп улуттуулук, көп маданияттуулук адам затынын жетишкендигине айланып бара жатат. Биз болсо адам заттын бул байлыгын сактап жана бекемдешибиз керек”, – деп Баш катчы Антониу Гутерреш сөзүн жыйынтыктады.
Андан кийин Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутеррештин жолугушуусу тар чөйрөдө уланды. Анда кызматташтык тууралуу маселелер, келечектеги пландар жөнүндө сөз болду.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө БУУнун системасынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн өзгөчө ролун белгилеп, 2010-жылдагы ызы-чууну басууда жана кайгылуу окуяларында тынчтыкты орнотуу учурунда салымы зор болгонун билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ыраазычылык билдирүү менен Мирослав Енчанын ишмердүүлүгүн белгиледи. Анткени ошол убакытта ал БУУнун Баш катчысынын Борбордук Азиядагы атайын өкүлү жана БУУнун Программаларды өнүктүрүү боюнча Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоого жана өлкөдө этностор аралык ынытмакты бекемдөөгө багытталган БУУнун программаларын өлкөдө ийгиликтүү ишке ашырышкан.

“Биз демократиянын принциптерин так кармануу менен мыйзам, адам укуктары жогору бааланып, мамлекетти куруудабыз. Биздин эң негизги максаттарыбыз этностор аралык ынтымакты сактоо жана бекемдөө”, – деп Сооронбай Жээнбеков белгиледи.

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш белгилегендей, 2010-жылы ал БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссары кызматында иштеп турганда июнь окуяларынын учурунда каатчылыкты чечүүгө боз салымын кошкон. Ошондой эле, өзүнүн миссиясын аткарып жаткан кезде ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жашоочулар акылмандык менен тынчтыкты орнотууга колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазычылыгын билдирди.

Антониу Гутерреш БУУнун Баш катчысы катары Кыргызстан менен биргелешкен долбоорлорду колдой тургандыгын билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерреш тар чөйрөдө сүйлөшкөндөн кийин жергиликтүү жашоочулар менен Ош шаарынын, Ош облусунун администрация башчылары менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий