• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш депутаттыгына аттанган жаш талапкерлер жөнүндө

Президент 0

Бишкек, 19.09.20. /Кабар/. “Партия жетекчилери мына ошол жаштарды колдоп, кийин парламентке өтүп келишсе, аларды тизмеден сүрүп чыгарбай, калтырат деген ишенимим бар”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Биринчи радиосуна” берген маегинде.

Ал Жогорку Кеңеш депутаттыгына аттанган жаш талапкерлер жөнүндө пикири менен бөлүшүп, жаш талапкерлердин дебаттарын көрүп жатканын, алардын көпчүлүгү санариптештирүү саясатын колдоп, аймактарды өнүктүрүү жөнүндө, кайра иштетүү тармагын колдоо керектигин айтып жатышканына токтолду.

“Эгерде ушундай жаштарыбыз парламентке келсе, демек менин президенттик ишимдеги негизги багыттар – санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү саясаты колдоо табат экен деген менде толук ишеним бар”, - деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков парламентке ушундай жаштар баратканына канааттангандыгын айтты.

“Буга чейин да айткам, башталган реформа, долбоорлорду улантуу үчүн парламенттин колдоосу абдан керек. Партия жетекчилери мына ошол жаштарды колдоп, кийин парламентке өтүп келишсе, аларды тизмеден сүрүп чыгарбай, калтырат деген ишенимим бар”, - деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий