• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапар менен Баткен облусуна барат

Президент 0

Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда жумушчу сапар менен Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Лейлек жана Баткен райондорунун жашоочулары менен жолугушат.

Президент ошондой эле Лейлек районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн салынган көп батирлүү үйдүн ачылышына катышат.

Пикир

Оставить комментарий