• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда

Президент 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 26-сентябрда, Мамлекет башчысы жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда болот.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушат.

Мындан тышкары президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий