• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусуна болгон иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 12.08.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумушчу сапарын улантууда, бүгүн, 12-августта, жумушчу сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Баткен шаарында Мамлекет башчысы Баткен облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын капиталдык оңдоп-түзөөнүн жүрүшү менен таанышты, жакында анда ремонт иштери жыйынтыкталат.

Президент баткен өрүгүн кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбордун жана текстиль фабрикасынын курулушунун долбоорлору менен таанышты, анда миңге жакын киши жумуш орду менен камсыз болгон.

Ал ошондой эле ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоонун жүрүшүн жана республикалык бюджеттин эсебинен курулган жаңы бала бакчанын имаратын көрдү.

Ошондой эле Президент Баткен облусундагы чек арачылар үчүн жаңы турак-үй курулушунун пайдубалын түптөөгө катышты.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлери менен бирге тамактанды жана алар менен кызмат өтөөсү жөнүндө баарлашты.

Кадамжай районунда Сооронбай Жээнбеков райондук аймактык ооруканасынын үлгүсүндө саламаттыкты сактоо системасын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Андан соң ал жергиликтүү тургундар менен баарлашып, жеке мүнөздөгү өтүнүчтөрүн жана аймактын көйгөйлөрүн укту, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Мындан тышкары ал соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоор менен таанышты жана ири мөмө-жемиш багын көрүп чыкты.

Андан соң Президент Кызыл-Кыя шаарында бир катар өнөржай объектилеринин ишмердиги, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жана учурдагы кырдаалда жеке коргоочу шаймандарды чыгарып баштаган текстиль фабрикасынын иши менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы санариптештирүүнүн аймактардын өнүгүүсүндөгү, айрыкча саламаттыкты сактоо тутумундагы ролун белгиледи. Жергиликтүү ишкерлерди жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоонун маанисин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков алыскы калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртууга, социалдык объекттерди курууга жана ички жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын белгиледи.

Эртең, 13-августта, Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапарын улантып, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат.

Пикир

Оставить комментарий