• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйынына 200гө жакын журналист катышат

Президент 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Эртең, 25-декабрда боло турчу Кыргыз Республикасынын Президентинин маалымат жыйынына бардыгы болуп 188 журналист аккредитациядан өттү, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык массалык маалымат каражаттарынан жана 28и — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде аккредитацияланган 15 чет өлкөлүк ММК өкүлдөрү.

Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны Бишкек шаарында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий