• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Сооронбай Жээнбековдун Ош облусуна болгон иш сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Бүгүн, 10-сентябрда, Президент Кара-Суу районунда тиричилик техникасын чыгарган кыргыз-өзбек биргелешкен «Артель Электроникс» ишканасынын иши менен таанышты. Компания өндүрүшүн кеңейтип, экспортко чыгууну көздөөдө. Ишкананын ачылышы жөнүндө келишимге Президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылы декабрда Өзбекстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген. Компания 2018-жылдан баштап иштеп келет.

Президенттин программасындагы кийинки объект Кара-Суу районундагы медициналык буюмдарды чыгаруучу «Компания Медимпэкс» ишканасы болду. Инъекциялык жана инсулиндик шприцтерди чыгаруучу бул ишкана бир жолу колдонулуучу медициналык щприцтерди чыгарган жалгыз ата мекендик өндүрүшчү болуп саналат. Саламаттыкты сактоо министрлигине өлкөдөгү ооруканаларга бул продукцияларды сатып алуу маселесин карап чыгуу сунушталды.

Ош шаарынын кире беришинде Мамлекет башчысы Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгү боло турган айланма жол куруу долбоору менен таанышты. Тийиштүү мамлекеттик органдарга бул долбоорду кароону тездетип, жакынкы аралыкта курулуш иштерин баштоо сунушталды.

Мамлекет башчысы ошондой эле Мады айыл өкмөтүнүн мисалында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын санариптештирүүнүн, жугуштуу оорулар ооруканасына айландырылып, жакында заманбап санариптик медициналык мекеме боло турган мурдагы лицейди оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

«Оомат Агро» өндүрүштүк жана үрөн өстүрүү кооперативине барган учурунда Сооронбай Жээнбеков пахта өстүрүүнү көбөйтүү маселесине өзгөчө көңүл буруп, чийки заттан тартып, даяр продукцияны чыгарууга чейин толук өндүрүш циклин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Президент жеңил өнөр жайдын пландуу өнүгүшү жана аймактарда жаңы текстиль фабрикаларынын курулушу менен пахтага болгон суроо-талап жогорулай турганын баса белгиледи. Дыйкандар муну эске алуу менен ата мекендик жеңил өнөр жайынын муктаждыктарын жабуу үчүн эгилген пахтанын көлөмүн көбөйтүшү керек. Буга байланыштуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жана жергиликтүү бийлик органдарына бул багытта максаттуу иштерди алып баруу сунушталды.

Иш сапардын жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

Пикир

Оставить комментарий