• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясына болгон расмий сапарынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков эки ыйык мечиттин камкорчусу, Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 15-17-декабрда расмий сапар менен Сауд Арабиясынын Королдугунда болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Визиттин алкагында Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен Эр-Рияд шаарындагы Королдук сарайында расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Тараптар чакан жана кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечектерин талкуулашты.

Сүйлөшүүдөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан жана Сауд Арабиясынын биргелешкен өз ара кызматташуусун тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду.

Ошондой эле расмий сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Аш-Шура мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх менен жолугушуп, кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөлөрдүн парламенттери аралык байланыштарын бекемдөө чараларын талкуулашты.

Мындан сырткары, Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору, Директорлор кеңешинин төрага орун басары Халид С. Аль-Худайри жана Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар M. Х. Хаджар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Тараптар эки тараптуу экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечектерин талкуулашып, жакын арадагы приоритеттерди белгилешти.

Аны менен бирге президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы элчилигинин имараттарынын жаңы комплексинин ачылышына барды жана Сауд Арабиясында жашаган мекендештер менен жолугушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-декабрдын түнүндө Бишкек шаарына кайтып келди.

Пикир

Оставить комментарий