• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Сооронбай Жээнбековдун Талас облусуна жасаган иш сапары боюнча фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 09.10.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда өлкөнүн Талас облусунда иш сапары менен болду.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы облустун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондоруна барды.

Иш сапар “Манас Ордо” комплексине баруу менен башталды. Мамлекет башчысы төө буурчакты кайра иштетүү заводунун, ошондой эле айыл жериндеги жаңы мектептин ачылышына катышты.

Мындан тышкары айыл чарба кооперативдеринин жана кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка-автодорожный» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун ишмердиги менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий