• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Сорос-Кыргызстан” фонду Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жасалма дем алдыруучу аппарат берди

Ден соолук 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта “Сорос-Кыргызстан” фонду Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жасалма дем алдыруучу аппаратын өткөрүп берди. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылуусун алдын алуу жана жол бербөө боюнча республикалык штабдан билдиришти.

“Сорос-Кыргызстан” фонду коронавирус эпидемиясынын жайылышына каршы ыкчам иш-чараларды жүргүзүү жана эпидемиянын Кыргызстандагы терс натыйжаларын азайтууга багытталган мамлекеттик органдардын жана жарандык уюмдардын аракеттерин колдоо үчүн 100 миң АКШ долларынын өлчөмүндө Өзгөчө кырдаал фонддун түздү.

Өзгөчө кырдаал фонддун түзүүдө “Сорос-Кыргызстан” эки жобого таянды:

1) эң керектүү медициналык каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга ыкчам түрдө колдоо көрсөтүү;

2) маалымат таратуу стратегиясына салым кошуу, медициналык кызматкерлерди өзгөчө кырдаалдарда иштөөнү үйрөтүүдө көмөк көрсөтүү жана калктын аяр топтору менен иштеген өнөктөш уюмдарды колдоо.

Фонд социалдык адилеттүүлүк, теңдик жана адам укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында жарандык уюмдарга колдоо көрсөтүүнү улантат.

Пикир

Оставить комментарий