• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Сорос-Кыргызстан” фонду социалдык стационардык мекемелерге жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде, “Сорос-Кыргызстан” фонду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу социалдык стационардык мекемелерди коргоочу шаймандар менен камсыз кылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, фонд тарабынан 4000 медициналык колкап, 2880 бахила, 1000 литр антисептик жана 10 коргоочу комбинезон тапшырылды.

Учурда министрликке караштуу 17 социалдык стационардык мекеме бар. Анын 6сы карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, 6сы психоневрологиялык ооруга чалдыккан чоң адамдар үчүн, ал эми 5өө балдар үчүн ылайыкталган.

Бүгүнкү күндө аталган мекемелерде 2394 адам мамлекеттин камкордугуна алынган. 736 улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, 1658и психоневрологиялык ооруга чалдыккандар болсо, анын ичинен 423ү балдар.

Пикир

Оставить комментарий