• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“SOS - Балдар айылдары Чолпон-Ата” мекемесинин тарбиялануучулары Японияга окууга жиберилет

Коом 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Япония таануу институтунун көмөк көрсөтүүсүндө 2021-жылдын 13-июнунда япониялык ишкерлердин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз-Япон достук фондунун негизинде, фонддун жетекчиси Тетсуя Асано менен “SOS - Балдар айылдары Чолпон-Ата” мекемесинин директору Нурбек Богачиевдин ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кол коюлган документтин алкагында Достук фонду аталган мекеменин тарбиялануучуларын окутууну каржылап, Японияга окууга жиберүүнү көздөп жатат.

Япониянын IBS жана DM Solutions компаниялары Достук фондунун демөөрчүлөрү катары иш алып барышат, алар Кыргызстанда өндүрүлгөн балды Япониянын рыногуна активдүү жайылтышат жана бал сатуудан түшкөн кирешенин бир бөлүгү Кыргызстандагы коммерциялык эмес долбоорлорго жумшалат.

Иш-чаранын аягында балдарга япон сувенирлери, канцелярдык буюмдар жана таттуулар берилди.

Пикир

Оставить комментарий