• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Сосновка” постунан документтери жок 37,8 тонна дизель отунун алып бара жаткан автоунаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери “Сосновка” пунктунан белгиленген талаптарды бузуу менен 37 миң 860 литр дизель отунун алып өтүп бара жаткан авто унааны кармашты.

Ведомстводон кабарлашкандай, транспорт каражаты салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек-Ош каттамы боюнча жүрүп бара жаткан жүгү бар автоунаанын тийиштүү документтери жоктугу жана май куюучу жана агызуучу оозуна орнотулуучу пломбалар үзүлгөндүгү аныкталган.

Рейддин жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, кармалган автоунаа жүгү менен жагдайлар такталгычакты айып төлөөчү жайга токтотулду. Ал эми ал боюнча материалдар Чүй облусу боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий