• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Сосновка» постунда аба ырайына байланыштуу жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Коом 0


Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр өрөөнүндө аба ырайынын бузулушуна байланыштуу Чүй облустук ИИББ жол-транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды сактык чараларын сактоону өтүнөт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, инспекторлор айдоочуларды ылдамдык режимин жана 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

“Азыркы сааттарга “Сосновка” стационардык постунда жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана жол тыгынын болтурбоо максатында жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий