• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Сосновка” постунда коюлган убактылуу чектөө алынды

Коом 0

Бишкек, 08.02.18. /Кабар/. “Сосновка” постунда коюлган убактылуу чектөө алынды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 7-февраль күнү саат 19:00дон тартып, Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, ал эми Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 17:00дөн тартып чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Бүгүн, 8-февралда саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөө алынды.

Пикир

Оставить комментарий