• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Сосновка” постунда убактылуу коюлган чектөө алынды

Коом 0


Бишкек, 05.02.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы “Сосновка” постундагы оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чектөө бүгүн 5-февралда таңкы саат 06:15 алынган.

“Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 4-февраль күнү саат 18:00дан тартып "Сосновка" постунда чоң оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген болчу”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий