• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Сосновка" постунда унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 29.12.17. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 195-224-чакырымдарында унаа тыгыны болгондугуна байланыштуу "Сосновка" бекетинде саат 16:20да унаалардын баардык түрүнө чектөө киргизилди. ӨКМ кызматы абал тууралуу кошумча маалымат бериле тургандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, Ала-Бел ашуусунда жол тайгак болуп, унаа тыгыны болгондугуна байланыштуу "Арал" бекетинде (Жалал-Абад облусу,Токтогул району) саат 14:00дө унаалардын баардык түрүнө чектөө киргизилген.

“Бишкек-Ош унаа жолу менен алыскы сапарга чыккандар, мындан тышкары өзгөчө кырдаалдарга туш болгон жарандар 112 кызматына чалыңыздар, чалуу акысыз”,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий