• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Сосновка” жана “Арал” посттору толугу менен ачылды – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Арал” постторундагы киргизилген чектөөлөр толугу менен алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, 2018-жылдын 29-августунда саат 20:00дөн тартып аталган посттордо күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Чектөөлөр бүгүн таңкы саат 06:00дөн тартып алынды.

Пикир

Оставить комментарий