• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Сосновка” жана “Арал” посттору убактылуу жабылат

Аймак 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. “Сосновка” жана “Арал” посттору убактылуу жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-26-февралда өлкө аймагында күтүлүп жаткан кар жана жамгырга байланыштуу Чүй облусунун Жайыл районунун “Сосновка” жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун “Арал” өткөрмө бекеттеринде саат 22:00дөн тартып таңкы саат 06:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилет.

Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.

“Жарандарга алыскы сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайбыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий