• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Сосновка” жана “Арал” постторуна киргизилген чектөөлөр алынды

Коом 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постторундагы чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-майында саат 19:00дөн тарта күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу киргизилген чектөө бүгүн, 18-майда саат 06:00дөн тарта алынган.

“Чектөөлөр Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында киргизилүүдө”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий