• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Сосновка” жана “Арал” постторундагы чектөө алынды – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постторундагы чектөө толугу менен алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда саат 20:00дөн тарта аталган посттордо күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

“Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында киргизилген чектөө бүгүн саат 6:00дө алынды”, -деп билдирет ӨКМ кызматы.

Пикир

Оставить комментарий