• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

Аймак 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. “Сосновка” жана “Арал” постторунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек-Ош унаа жолунун унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 5-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун “Сосновка” жана Токтогул районунун “Арал” постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

6-апрель күнү саат 07:00дө “Сосновка” жана “Арал” постторунда убактылуу киргизилген чектөө алынды.

Пикир

Оставить комментарий