• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Сосновка” жана “Кара-Көл” постторуна электрондук шлагбаум орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Бишкек-Ош жолунун “Сосновка” жана “Кара-Көл” өткөрмө пункттарында электрондук шлагбаум орнотулууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, бул адам факторун толугу менен жок кылат.

“Каржы маселеси чечилип, тендер өткөрүлдү. Учурда электрондук шлагбаумдарды орнотуу иштери жүрүүдө. Төлөмдү бардыгы жасашат. Эгерде кимдир бирөөдө жеңилдик бар болсо, төлөмдөн кийин Каржы министрлиги аркылуу кайтарылып берилет. Башкача айтканда жеринен баары төлөйт”, - деп белгиледи Калилов.

“Кара-Көл” өткөрмө-көзөмөл жайында электрондук шлагбаум 4-июндан тарта сынамык режимде иштеп баштайт. Министрдин айтымында, салмак-көлөмүн көзөмөлдөө боюнча долбоорду ишке ашыруу да уланып жатат.

“Оптоволокондук байланыш жеткен жердин баары автоматташтырылууда. 70 пайызга чукул посттор электрондук системага өткөрүлдү”, - деди ал.

Мындан тышкары министр белгилегендей, Бүткүл дүйнөлүк банктын жардамы менен заманбап технологияларга туура келген 5 салмак-көлөмүн көзөмөлдөөчү посттор коюлат.

“Биринчи сынамык пост Кеминде орнотулат. Жалпы 5 мындай пост болот. Булар төлөм жүргүзүү накталай эмес болгондугу менен айырмаланат. Көзөмөл жайында чек берилет, ал терминал аркылуу төлөнөт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий